Кыргызстанда Мисир Араб Республикасынын Элчилиги ачылат
Президент Садыр Жапаров “КРнын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлык КРнын Мисир Араб Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык байланыштарын активдештирүү жана тереңдетүү максатында кабыл алынды. Ошондой эле Мисирдин аймагында жана Түндүк Африканын чектеш өлкөлөрүндө жүргөн 3 миңге жакын КРнын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатын да көздөйт.
Ушуга байланыштуу Каир шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилиги уюштурулушу күтүлөт.
Бул Жарлык 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.