“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Макулдашууга долбоорду ишке ашыруучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы жана Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана ЭксимБанкынан турган Кытай Эл Республикасынын Банктар Синдикаты кол койду.

Долбоордун баасы 4,7 миллиард долларга бааланган. Анын тең жарымын, тактап айтканда 2,3 миллиард долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоордук компанияга 35 жылдык насыя катары берип жатат. Калган 2,3 миллиард долларды үч мамлекет биргелешип каржылайт: Кытай 51%, Кыргызстан менен Өзбекстан ар бири 24,5%дан чыгарат.

Аземде сөз сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев инвестициялык макулдашуунун негизги милдеттеринин бири – каржы маселелерин 2025-жылдын 20-декабрына чейин толук камсыз кылуу экенин белгилеп, бүгүнкү кол коюу ушул милдеттин аткарылышынын көрүнүшү экенин айтты.

Би“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашуусу түзүлдү“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун каржылоо макулдашуусу түзүлдүргелешкен долбоордук компаниянын Башкы директору Чжоу Син каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана милдеттенмелерди өз убагында аткарууну камсыз кылуу маселеси толук ишке ашырыларын билдирди.

Долбоор техникалык жактан татаал. Анын алкагында 120 чакырымды түзгөн 50 көпүрө жана 29 туннель курулат. Жалпы темир жолдун 40%ы туннелдер жана көпүрөлөр түзөт. Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун узундугу 304 чакырымдан ашат.

Эскерте кетсек, долбоордун курулушуна 2024-жылдын 27-декабрында старт берилген, анда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпин жана Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев долбоордун маанилүүлүгүн белгилешкен.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып