Жер мунапысындагы менчик укуктарды бекитүү боюнча жарлык чыкты

Жер мунапысындагы менчик укуктарды бекитүү боюнча жарлык чыкты

Президент Садыр Жапаров “Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо” тууралуу Жарлыгын расмий кол койду.

Жарлык менен жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү максатында, жер мунапысынын объектилеринде жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча бардык иш‑чаралар аяктоого берилет.

Мыйзамга ылайык, жер‑укуктук мамилелерди убактылуу жөнгө салуу бир жылдык мөөнөткө киргизилип, 2026-жылдын 1‑мартында “Жер‑укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамдын айрым пункттары боюнча шаарлардын жана жергиликтүү администрациялардын комиссияларынын иши токтотулат.

Жарлыкта жер мунапысынын объектилери катары 2025-жылдын 1‑июлуна чейин берилген жарандардын арыздары боюнча участогунда жайгашкан, анын ичинде бүтпөй калган жеке турак үйлөрү бар жер тилкелери жана 2021‑жылдын 1‑декабрына чейин түзүлгөн башаламан курулуштагы участкелер кирет деп белгиленет.

Мындан тышкары 2021‑жылдын 1‑декабрына чейинки башаламан курулуштагы тилкелерди легалдаштыруубоюнча Мамлекеттик комиссия түзүлөт. Бул комиссия айыл чарба багытындагы жер тилкелери же турак жай үчүн үлүштүк кызматташтык шартында берилген участкелер боюнча маселелерди карап, чечимдерди кабыл алат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, бул менен жер мунапы боюнча мамлекеттик иш алып баруу жаңы этапка өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып