Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирди

Бүгүн, 17-декабрда Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын биринчи жыйынында сөз сүйлөп, өлкөнүн экономикалык өсүшү, тышкы карыздарды башкаруу жана санариптештирүү аркылуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Садыр Жапаров сөзүндө жаңы Кыргызстанды куруу жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн бардык бийлик бутактары биримдикте иштеши керектигин баса белгиледи. Ал экономиканын өсүү темпи дүйнөдө алдыңкы 3 өлкөнүн катарына киргенин, ички дүң продукциянын өсүү темпи 10% экенин, жыл аягына карата консолидацияланган бюджет 1,2 триллион сомго жетет деп прогноздолуп жатканын маалымдады.

Президент тышкы карыздарды башкаруудагы жетишкендиктерге токтолуп, 2020-жылдагы ички дүң продукцияга салыштырмалуу 54% болгон карыздын азыр 25%га түшүрүлгөнүн, карыздарды төлөөдө экономикалык кызыкчылыкка зыян келтирбөө стратегиясы колдонуларын белгиледи.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров өлкөнүн алтын валюта запасынын 2020-жылдагы 2,4 миллиард доллардан бүгүнкү күндө 8,5 миллиард долларга жеткенин белгилеп, экономикалык стабилдүүлүк жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу да маалымат берди.

Сөзүнүн соңунда Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын өлкөнү өнүктүрүүдө биримдикте иштөөгө чакырып, жаңы долбоорлорду жана реформаларды өз учурунда натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда бала бакчаларга электрондук кезекте 125 миң 775 бала турганын Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жалпы 1 жаштан 6 жашка чейинки 765 миң 769 бала бар. Алардын ичинен 320 миң 13ү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев  Финансы министрлиги тарабынан олуттуу реформалар жүргүзүлбөсө жана бала бакчаларды курууга жок дегенде 1 млрд доллар бөлүнбөсө кырдаал өзгөрбөй турганын билдирди. "Азыр биз жактыра турган 6 млн доллар — чынын айтканда, өлкө масштабында бул эч нерсе эмес. Биз жөн гана бир шаарга бирден бала бакча "

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Өлкө боюнча учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, план 15,7%га аткарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп. Облустар арасында Баткен облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, пландын 36,

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жер казынасын пайдалануучулар үчүн лицензияны кармоо боюнча жыйымдарга байланыштуу эсептөөлөрдү жана отчетторду электрондук түрдө тапшыруу боюнча окутуу иш-чарасын өткөрдү. Салык кызматынын маалыматына ылайык, окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды эсептөө жана төлөө тартибиндеги акыркы жаңылыктар тааныштырылды.