Жаңы Жогорку Кеңеште 8 комитет түзүлдү

Жаңы Жогорку Кеңеште 8 комитет түзүлдү

Бүгүн Бүткүл Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында парламенттин түзүмү каралып, тармактык комитеттер бекитилгенин парламенттен билдиришти.

Бүткүл Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасы Улан Примов белгилегендей, 5 депутаттык топтон VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төмөнкү комитеттерин түзүү тууралуу сунуш түшкөн:

  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети;
  • Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети;
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитети;
  • Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети;
  • Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети;
  • Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети;
  • Сот-укук маселелери, укук тартиби, коррупция менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети;
  • Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитети.

Жыйынтыгында Бүткүл Жогорку Кеңештин комитети берилген сунушту колдоп, тиешелүү токтом долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда бала бакчаларга электрондук кезекте 125 миң 775 бала турганын Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жалпы 1 жаштан 6 жашка чейинки 765 миң 769 бала бар. Алардын ичинен 320 миң 13ү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев  Финансы министрлиги тарабынан олуттуу реформалар жүргүзүлбөсө жана бала бакчаларды курууга жок дегенде 1 млрд доллар бөлүнбөсө кырдаал өзгөрбөй турганын билдирди. "Азыр биз жактыра турган 6 млн доллар — чынын айтканда, өлкө масштабында бул эч нерсе эмес. Биз жөн гана бир шаарга бирден бала бакча "

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Өлкө боюнча учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, план 15,7%га аткарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп. Облустар арасында Баткен облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, пландын 36,

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жер казынасын пайдалануучулар үчүн лицензияны кармоо боюнча жыйымдарга байланыштуу эсептөөлөрдү жана отчетторду электрондук түрдө тапшыруу боюнча окутуу иш-чарасын өткөрдү. Салык кызматынын маалыматына ылайык, окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды эсептөө жана төлөө тартибиндеги акыркы жаңылыктар тааныштырылды.