Бишкекте Кытай мамлекетинин жардамы менен ветеринардык-фитосанитардык лаборатория курулат

Бишкекте Кытай мамлекетинин жардамы менен ветеринардык-фитосанитардык лаборатория курулат

МинКабдын 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 1004-т тескемеси менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлө турган жооптун долбоорун жактырды. Бул кат аркылуу "Кыргыз Республикасында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияны куруу жана тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу" долбоорун ишке ашыруу боюнча Макулдашуу таризделет.

Алмашуу катынын текстине ылайык, Кытай тарап Бишкек шаарында жалпы аянты 5 915 чарчы метрди түзгөн лабораториялык комплексти долбоорлоону жана курууну, лабораториялык жабдууларды, кеңсе эмеректерин, коопсуздук системаларын жана башка зарыл болгон жабдууларды жеткирүүнү өзүнө алат.

Каржылоо 2018-жылдын 6-июнунда кол коюлган техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында берилген кайтарымсыз жардам каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Кыргыз тарап жер тилкесин берүүгө, айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирди баалоону жүргүзүүгө, курулуш аянтын даярдоого жана тазалоого, тышкы инфраструктураны (жолдор, суу менен камсыздоо, канализация, электр энергиясы, байланыш) тартууга, импорттолгон жабдууларды жана материалдарды бажы төлөмдөрүнөн жана салыктардан бошотууга, ошондой эле долбоор аяктагандан кийин лабораториянын ишин камсыздоого, техникалык тейлөөгө жана реактивдерди, чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга милдеттенет.

МинКабдын атынан жооп катка ушул тескеме менен ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри кол коёт. Долбоорду ишке ашырууга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жооптуу болот. Коштоочу иш-чаралар мурда каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен каржыланат.

Тараптардын макулдашуусу боюнча, курулуш аяктагандан кийин объект "Кытай–Кыргыз достугунун ветеринардык, фитосанитардык жана азык-түлүк лабораториясы" деп аталат жана анда "Кытайдын жардамы" деген туруктуу логотип орнотулат. Макулдашуу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда кат алмашылган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат

Кыргызстанда бала бакчаларга электрондук кезекте 125 миң 775 бала турганын Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жалпы 1 жаштан 6 жашка чейинки 765 миң 769 бала бар. Алардын ичинен 320 миң 13ү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев  Финансы министрлиги тарабынан олуттуу реформалар жүргүзүлбөсө жана бала бакчаларды курууга жок дегенде 1 млрд доллар бөлүнбөсө кырдаал өзгөрбөй турганын билдирди. "Азыр биз жактыра турган 6 млн доллар — чынын айтканда, өлкө масштабында бул эч нерсе эмес. Биз жөн гана бир шаарга бирден бала бакча "

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Кыргызстанда жалпы 196 гектар жер айдалды

Өлкө боюнча учурда 196,3 миң гектар жер айдалып, план 15,7%га аткарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 миң гектарга көп. Облустар арасында Баткен облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, пландын 36,

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Салык кызматы электрондук отчеттор боюнча окутуу өткөрдү

Мамлекеттик салык кызматы КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жер казынасын пайдалануучулар үчүн лицензияны кармоо боюнча жыйымдарга байланыштуу эсептөөлөрдү жана отчетторду электрондук түрдө тапшыруу боюнча окутуу иш-чарасын өткөрдү. Салык кызматынын маалыматына ылайык, окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга лицензияны кармоо үчүн жыйымдарды эсептөө жана төлөө тартибиндеги акыркы жаңылыктар тааныштырылды.