Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго чейин каражат бөлүнүп жатканын айтты. Мурда бул сумма республика боюнча 200 млн сомдон ашпаган.

“Калкты сугат суу менен камсыз кылуу максатында республика боюнча 44 ирригациялык объектти куруу пландалган. Бүгүнкү күндө 10 объект толугу менен реконструкцияланып, пайдаланууга берилди. Натыйжада 5 680 гектар жаңы сугат жерлер өздөштүрүлдү, 37 953 гектар сугат жеринин суу менен камсыз болуу деңгээли жакшыртылды, ал эми 12 253 гектар жердин мелиоративдик абалы оңдолду,” – деди ал.

2024–2030-жылдары жалпы сыйымдуулугу 953,74 млн куб метрди түзгөн 106 декадалык жана суткалык бассейнди куруу пландалууда. Алардын ичинен Чүй облусунда 27 бассейн курулат, жалпы сыйымдуулугу 188,4 млн куб метр. Учурда Чүйдө 7 бассейн пайдаланууга берилген, 2-декадалык бассейнде курулуш жүрүп жатат, 3 долбоору иштелип жатат.

Ак-Суу дарыясындагы жаңы бассейн 4,5 млн куб метр сыйымдуулукка ээ жана ал система боюнча бардык сугат жерлерди толук кандуу суу менен камсыздайт. Натыйжада төрт айыл аймагынын 6 500 гектар сугат жеринин суу менен камсыздоо деңгээли жогорулайт. Бул долбоор аймактагы айыл чарбасынын өнүгүшүнө жана социалдык-экономикалык сектордун өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Учурда республика боюнча 2 700 км канал жана 4 263 гидротехникалык курулма калыбына келтирилип, 142 насостук агрегат оңдолду жана алмаштырылды. Ирригациялык тармак үчүн 301 даана атайын техника жана кызматтык автотранспорт алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Кыргыз журналистикасындагы медиа аталышка байланышкан талаш коомчулуктун көңүлүн бурду. Асель Сооронбаева аттуу журналисттин “Чекит Медиа” ресурсунун аталышы Мунарбек Имаров аттуу блогер тарабынан  мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы жарыяланып, биринчиси - экинчисине карата чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылды. Асель Сооронбаеванын  айтымында, медиа үч жыл мурда түзүлүп, ушул убакыт аралыгында жүздөгөн журналисттик

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштаганын “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт”

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткен районунда өрүк бактарын коргоо үчүн заманбап технологиялар колдонула баштаганын райондук администрация билдирди. Самаркандек айыл аймагында бакчалар зыянкечтерге каршы дарыларды чачуу атайын дрондордун жардамы менен ишке ашып жатат. Негизги максат — айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу. Белгиленгендей, мындай ыкма убакытты кыйла үнөмдөйт, дары каражаттарды бирдей жана натыйжалуу чачууга мүмкүндүк

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Эмгек рыногунда иш берүүчүлөрдүн үстөмдүк ролу азайып, талапкерлер барган сайын иш шарттарын жана компанияларды өздөрү тандай баштаганын бизнес-чарада рекрутинг агенттигинин директору Алина Макенова билдирди. Анын айтымында, негизги тренддердин бири — иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү. "Бүгүнкү күндө кызматкерди иш берүүчү гана тандабастан, талапкер да компанияны тандайт.