А.Касымалиев: "Пенсия келерки жылы калкка байкаларлыктай көбөйтүлөт"

А.Касымалиев: "Пенсия келерки жылы калкка байкаларлыктай көбөйтүлөт"

Пенсиянын реалдуу өсүшү Кыргызстандын өкмөтү үчүн маанилүү болуп саналарын жана бийлик пенсияларды индексациялоонун системалуу жана туруктуу моделин түзүүнүн үстүндө иш алып барып жатканын МинКабдын төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын жыйынтыгын жана өзүнүн кызматындагы биринчи жылды жыйынтыктап жатып билдирди.

"Биз пенсиянын өлчөмүн инфляциянын деңгээлинен жогору көтөрөбүз, ошондо пенсиянын реалдуу өсүшү камсыз болот. Биз муну дайыма көзөмөлдөп турабыз", — деди Касымалиев.

Анын айтымында, учурда Социалдык фонд камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чогултулушун көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

"Мен буга чейин айткандай, эки-үч жылдын ичинде пенсия төлөөгө кеткен каражаттар 50 миллиард сомдон 110–119 миллиард сомго чейин өстү. Пенсия төлөөгө абдан чоң каражат жумшалып жатат. Кийинки жылы пенсиянын өлчөмү да, анын көбөйүшү да калк үчүн байкаларлык болушу үчүн аракет кылабыз. Учурда бул багытта фонд менен биргеликте иш алып барып жатабыз", — деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы "МИР" телеканалынын суроосуна жооп берип жатып.

Мындан тышкары окуңуз

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Кыргыз журналистикасындагы медиа аталышка байланышкан талаш коомчулуктун көңүлүн бурду. Асель Сооронбаева аттуу журналисттин “Чекит Медиа” ресурсунун аталышы Мунарбек Имаров аттуу блогер тарабынан  мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы жарыяланып, биринчиси - экинчисине карата чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылды. Асель Сооронбаеванын  айтымында, медиа үч жыл мурда түзүлүп, ушул убакыт аралыгында жүздөгөн журналисттик

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштаганын “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт”

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткен районунда өрүк бактарын коргоо үчүн заманбап технологиялар колдонула баштаганын райондук администрация билдирди. Самаркандек айыл аймагында бакчалар зыянкечтерге каршы дарыларды чачуу атайын дрондордун жардамы менен ишке ашып жатат. Негизги максат — айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу. Белгиленгендей, мындай ыкма убакытты кыйла үнөмдөйт, дары каражаттарды бирдей жана натыйжалуу чачууга мүмкүндүк

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Эмгек рыногунда иш берүүчүлөрдүн үстөмдүк ролу азайып, талапкерлер барган сайын иш шарттарын жана компанияларды өздөрү тандай баштаганын бизнес-чарада рекрутинг агенттигинин директору Алина Макенова билдирди. Анын айтымында, негизги тренддердин бири — иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү. "Бүгүнкү күндө кызматкерди иш берүүчү гана тандабастан, талапкер да компанияны тандайт.