Бүгүн РФ президенти В.Путин менен түз эфир уюуштурулат

Бүгүн РФ президенти В.Путин менен түз эфир уюуштурулат

РФ Президенти В.Путин бүгүн, Москва убактысы боюнча саат 12:00дө пресс-конференция менен түз эфирди бириктирген ири иш-чарага катышат. Бул иш-чарага жергиликтүү жана чет өлкөлүк ЖМК өкүлдөрү катышат.

Журналисттерди өлкө башчы менен жолугууга чейин Ак үйгө бир нече саат мурда келиши каралган жана федералдык телеканалдар бул иш-чарага үч саат убакыт бөлүшкөн.

 Ura.ru маалымат сайтынын билдирүүсүнө караганда, Россия президенти менен өтө турган түз эфирге келген айрым коноктор туздалган капуста, энергетикалык суусундук жана мандариндерди ала келишкен. Бирок бул буюмдар менен алар Ак үйдүн имаратына кире алышкан жок.

Мындан тышкары, иш-чарага катышуучулардын мурунга тамызуучу тамчылары, ар кандай спрейлер, шоколаддар жана суусундуктары да кире бериште калып жатат. Түз эфир аяктагандан кийин журналисттер жана иш-чаранын катышуучулары бул буюмдарын кайрадан алып кете алышат – деп билдирген Ura.ru маалымат сайтынын кабарчылары.

Мындан тышкары окуңуз

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Кыргыз журналистикасындагы медиа аталышка байланышкан талаш коомчулуктун көңүлүн бурду. Асель Сооронбаева аттуу журналисттин “Чекит Медиа” ресурсунун аталышы Мунарбек Имаров аттуу блогер тарабынан  мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы жарыяланып, биринчиси - экинчисине карата чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылды. Асель Сооронбаеванын  айтымында, медиа үч жыл мурда түзүлүп, ушул убакыт аралыгында жүздөгөн журналисттик

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштаганын “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт”

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткен районунда өрүк бактарын коргоо үчүн заманбап технологиялар колдонула баштаганын райондук администрация билдирди. Самаркандек айыл аймагында бакчалар зыянкечтерге каршы дарыларды чачуу атайын дрондордун жардамы менен ишке ашып жатат. Негизги максат — айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу. Белгиленгендей, мындай ыкма убакытты кыйла үнөмдөйт, дары каражаттарды бирдей жана натыйжалуу чачууга мүмкүндүк

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Эмгек рыногунда иш берүүчүлөрдүн үстөмдүк ролу азайып, талапкерлер барган сайын иш шарттарын жана компанияларды өздөрү тандай баштаганын бизнес-чарада рекрутинг агенттигинин директору Алина Макенова билдирди. Анын айтымында, негизги тренддердин бири — иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү. "Бүгүнкү күндө кызматкерди иш берүүчү гана тандабастан, талапкер да компанияны тандайт.