Өлкө бюджети социалдык багыттан өнүктүрүү багытына өттү

Өлкө бюджети социалдык багыттан өнүктүрүү багытына өттү

Кыргызстандын бюджети социалдык сектордон - өнүктүрүү багытына өткөнүн МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев телеканалдарга берген маегинде билдирди.

"Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү жыл башында 430 млрд сом деп белгиленсе, учурда бул көрсөткүч 605,5 млрд сомго жетти. Ал эми ресурстарды кошкондо бюджет 585 млрд сомдон 939 млрд сомго чейин көбөйдү",-дейт ал.

Буга улай А.Касымалиев, бюджет мурда социалдык багытта болуп, анын дээрлик жарымы социалдык секторго багытталып келсе, бүгүнкү күндө ал толук кандуу өнүктүрүү бюджети деп айтууга негиз бар экендигин айтат. Тактап айтканда, чыгашалардын 35%га жакыны реалдуу секторду өнүктүрүүгө, 23%ы социалдык тармакка багытталууда. Ошондой эле 20%дан ашыгы эмгек акы төлөөгө, 6%дан ашыгы капиталдык чыгашаларга жумшалып жатат.

"Кошумча табылган каражаттардын олуттуу бөлүгү капиталдаштырууга багытталып жатат. Өлкөдөгү эң ири банкка айланган “Элдик банкка” 64 млрд сом капиталдаштырууга салынды. Мындан тышкары, капиталдык салымдарга 50 млрд сомдон ашык каражат багытталды. Баштапкыда 10 млрд сом деп каралган каражат азыр 60 млрд сомго чейин көбөйтүлдү. Бул каражаттар негизинен инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде мектептерди, ооруканаларды жана башка маанилүү объекттерди курууга жумшалып жатат.

Биздин негизги максат - кошумча акча каражатын кийин үзүрүн бере тургандай кылып максаттуу пайдалануу үчүн өнүктүрүүгө багыттап жатабыз”, - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары окуңуз

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы

Кыргыз журналистикасындагы медиа аталышка байланышкан талаш коомчулуктун көңүлүн бурду. Асель Сооронбаева аттуу журналисттин “Чекит Медиа” ресурсунун аталышы Мунарбек Имаров аттуу блогер тарабынан  мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы жарыяланып, биринчиси - экинчисине карата чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылды. Асель Сооронбаеванын  айтымында, медиа үч жыл мурда түзүлүп, ушул убакыт аралыгында жүздөгөн журналисттик

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

“Аю Холдинг” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштады

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштаганын “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт”

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткен районунда өрүк бактарын коргоо үчүн заманбап технологиялар колдонула баштаганын райондук администрация билдирди. Самаркандек айыл аймагында бакчалар зыянкечтерге каршы дарыларды чачуу атайын дрондордун жардамы менен ишке ашып жатат. Негизги максат — айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу. Белгиленгендей, мындай ыкма убакытты кыйла үнөмдөйт, дары каражаттарды бирдей жана натыйжалуу чачууга мүмкүндүк

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Эмгек рыногунда иш берүүчүлөрдүн үстөмдүк ролу азайып, талапкерлер барган сайын иш шарттарын жана компанияларды өздөрү тандай баштаганын бизнес-чарада рекрутинг агенттигинин директору Алина Макенова билдирди. Анын айтымында, негизги тренддердин бири — иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү. "Бүгүнкү күндө кызматкерди иш берүүчү гана тандабастан, талапкер да компанияны тандайт.