"Манас" эпосунун каармандарынын ысымдарын пайдалануу тартиби бекитилди

"Манас" эпосунун каармандарынын ысымдарын пайдалануу тартиби бекитилди

Министрлер Кабинети "Манас" эпосунун башкы каармандарынын ысымдарын пайдалануу тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документтин негизги максаты — "Манас" эпосунун башкы каармандарынын ысымдарын, ошондой эле алардан түзүлгөн сөздөрдү жана сөз айкаштарын товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде жана юридикалык жактардын аталыштарында пайдалануунун укуктук тартибин аныктоо.

Мындан тышкары, токтом каармандардын ысымдарын туура, жоопкерчиликтүү жана моралдык-этикалык нормаларга, ошондой эле мамлекеттик тилдин талаптарына ылайык пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.

Токтомдо каармандардын ысымдарын пайдаланууга жол берилүүчү шарттар жана чектөөлөр так көрсөтүлүп, аларды туура эмес же максатка ылайыксыз колдонууга жол бербөө маселеси да каралган.

Бул чечим улуттук маданий мурастарды коргоого жана "Манас" эпосунун кадыр-баркын сактоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Быйыл январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 108,8 % болду. Айыл чарба тармагында эки ай ичинде 29,8 млрд сомдук

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалып жатканын калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда. Ага ылайык: * жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн, * же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту