Президент С.Жапаров тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлүүдө

Президент С.Жапаров тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлүүдө

УТРК төрт бөлүктөн турган Президент Садыр Жапаров жөнүндө "Президент" аттуу даректүү тасманы көрсөтө баштады.

Анын автору, журналист Айбек Бийбосунов социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына билдирүү калтырган:

Анда президент Садыр Жапаров соңку 4-5 жылдагы негизги саясий окуяларга кенен токтолуп, буга чейин коомчулукка чыга элек маалыматтар менен бөлүштү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да биз менен ачык болду деп айта алам. Документалдуу тасма төрт сериядан турат,-деп билдирген Бийбосунов.

Белгилей кетсек, автор "Азаттыктын" кыргыз кызматынын мурдагы журналисти, көз карандысыз медиада тажрыйбасы бар адам.

Кече күнү, 5-январда башталган тасманын биринчи сериясы 45 мүнөткө созулду. Анда президент Садыр Жапаров өзү жана анын өнөктөшү, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, негизги темалардын бири Кумтөр тууралуу маалымат берилди. Жарыяланган маалыматка ылайык, экинчи бөлүк Баткен маселесине багытталмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Элкарт жана HUMO өлкөлөр арасында нак эмес эсептешүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачууда

Элкарт жана HUMO өлкөлөр арасында нак эмес эсептешүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачууда

Эми улуттук төлөм карт “Элкарт” ээлери Өзбекстанда соода кылып, накталай акчаларын чыгара алышат. Ал эми Өзбекстандын улуттук төлөм системасы HUMOнун карт ээлери ушундай эле мүмкүнчүлүтөрүн Кыргызстанда колдоно алышат. Мындай билдирүүнү “Элкарт” улуттук төлөм системасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.  Билдирүүгө караганда, валюта алмаштырып же эл аралык карталарды колдонбой эле койсо болот.

Экс эл өкүлү С.Айжигитовдун ипотека тууралуу сунушун мамлекет башчы карап чыкты

Экс эл өкүлү С.Айжигитовдун ипотека тууралуу сунушун мамлекет башчы карап чыкты

Коомчулук тарабынан айтылган сунуш-пикирлер же кандайдыр маалыматтар тараса өлкө жетекчилигине маалымат иретинде жеткирилип турат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, Фейсбукта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов ипотекалык үйлөрдүн курулушу боюнча сунушунун билдирген. Анда ал ипотекалык батирлердин 1 кв/м элге 300 АКШ долларынан

Сокулукта сафлор аянтын кеңейтүү максат кылынып жатат

Сокулукта сафлор аянтын кеңейтүү максат кылынып жатат

Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу сафлордон алынган жымыхты малдарга тоют катары колдонуу менен айыл чарба тармагында кошумча баалуулук жаратууну максат кылууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Сокулук райондук мамлекеттик өнүктүрүү фонду тарабынан аталган чарбага керектүү жабдыктар алынып берилди. Учурда чакан цех сафлор айдоону өздөштүрүп,

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

2025-жылдын 1-октябрына карата Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 75,4 млрд долларга жеткенин өлкөнүн Борбордук банкы билдиргенин "Кабар" агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, жылдын тогуз айында мамлекеттик тышкы карыз 10%га, ал эми ишканалардын тышкы карызы дээрлик 27%га көбөйгөн. 2025-жылдын январь–сентябрь айларында өлкөнүн тышкы карызы жалпы 11,3