Кыргызстанда бажылык тариздөө жана аскердик медкароо санариптештирилет
Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда аппараттык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев 2026-жылдын артыкчылыктуу милдеттерин аныктоо, стратегиялык максаттарга жетишүү жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо багыттарына токтолду. Ал белгилегендей, максаттарга жетүү жогорку уюшкандыкта жана координацияланган командада гана мүмкүн.
Жыйындын негизги темаларынын бири – “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырылуучу 100 күндүк эки демилге:
Бажылык тариздөө процесстерин жөнөкөйлөштүрүү – тышкы экономикалык ишмердик субъекттери үчүн товарларды идентификациялоону 14 күндөн ашпоого, борборлоштурулган санариптик “бирдиктүү терезе” механизминин ишке киришине шарт түзүү. Бул чара логистика жана бизнес чыгымдарын азайтуу максатын көздөйт.
Аскерге чакырылууга чейинки жарандарды медициналык кароодон өткөрүүнү жөнөкөйлөштүрүү – бирдиктүү электрондук реестр түзүлүп, медициналык текшерүүлөр баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына өткөрүлөт. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу маалыматтар санариптештирилип, пилоттук долбоор Чүй облусунун Аламүдүн районунда 700гө жакын адамды камтыйт. Мындан кийин механизм республика боюнча жайылтылат.
Адылбек Касымалиев демилгелердин өз убагында жана сапаттуу ишке ашышы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин баса белгиледи.