Коргоо министрлигине 81 жаңы автотранспорт каражаты тапшырылды

Коргоо министрлигине 81 жаңы автотранспорт каражаты тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине 81 даана автотранспорт каражатынын ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы техникалар, анын ичинде 19 JAC T-6 жана 36 Chevrolet унаалары, аскер бөлүктөрүнүн мобилдүүлүгүн жогорулатууга жана өздүк курамдын коопсуз кыймылын камсыздоого багытталганын белгиледи. Ал аскерлерди заманбап технологияларды колдонуп, жоопкерчиликтүү кызмат кылууга чакырды.

Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгү акыркы жылдары күчөп, Куралдуу Күчтөрдүн бюджети 20180-2019-жылдарга салыштырмалуу 300%дан ашык өскөн. Бул каражаттар армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрүнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды.

Аскердик каттоо санариптештирилип, пилоттук түрдө беш аскер комиссариатында электрондук система иштеп жатат жана жылдын март айына чейин 25 комиссияга жайылтылат. Социалдык колдоо чаралары күчөтүлүп, ижара акы жана ипотекалык төлөмдөр жогоруланды; жакын арада аскер кызматчыларына 900дөн ашык батир берилет.

Маалымат үчүн: тапшырылган техникаларга 36 Chevrolet Cobalt жүк ташуучу унаасы, 19 JAC T-6 унаасы, 18 “Газель” фургону, 5 экипаж автобустары жана 3 JAC Sunray кичиавтобустары кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;