Финансы министрлиги 2025-жылды туруктуу өсүш менен жыйынтыктады

Финансы министрлиги 2025-жылды туруктуу өсүш менен жыйынтыктады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Финансы министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты. Бул тууралуу Өкмөтн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, 2020-жылдан бери Кыргызстандын консолидацияланган бюджети дээрлик 5 эсеге өстү. Эгер 2020-жылы бюджет 247,8 млрд сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 трлн 101 млрд сомго жетти.

Экономиканын жалпы көлөмү (ИДП) 2020-жылы 8,3 млрд доллар болсо, 2025-жылы 22,6 млрд долларданашты. Ошондой эле салыктык башкаруунун жакшыртылышынын натыйжасында Салык кызматынын кирешеси 78 млрд сомдон 304,3 млрд сомго чейин көбөйдү. Бажы кирешелери 6 эсеге өсүп, 157,4 млрд сомду түздү.

МинКаб башчысы кирешелердин өсүшү өлкөдө жолдорду, ири объекттерди курууга жана ипотекалык турак жайларды салууга шарт түзгөнүн белгилеп, бюджет мурда социалдык мүнөздө болсо, азыр өнүктүрүүгө багытталган бюджетке айланганын айтты.

Коллегиянын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев 2026-жылы социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

УКМК кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду

УКМК кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду

УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан акча каражаттарын мыйзамсыз өздөштүрүп келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мыйзамдуу өткөрүп берүү деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып, жеке кызыкчылыктарын

Касымалиев Boston Consulting Group менен кызматташууну кеңейтүүнү талкуулады

Касымалиев Boston Consulting Group менен кызматташууну кеңейтүүнү талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Бостон Консалтинг Групп” (Boston Consulting Group) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда кызматташуунун келечектүү багыттары жана Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштер талкууланды. Белгиленгендей, акыркы эки жылда тараптардын ортосунда ишенимдүү жана мазмундуу кызматташтык түзүлүп, компаниянын колдоосу менен

Эки айда Кыргызстанга 17,9 млрд сом инвестиция тартылды

Эки айда Кыргызстанга 17,9 млрд сом инвестиция тартылды

2026-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарына таянып билдирди. Маалыматка ылайык, негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,4%га көбөйдү. Өсүш негизинен ички каржылоо булактарынын

Бишкекте милиция кызматкерлери  интернет-алдамчылардын уюшкан тобун аныкташты

Бишкекте милиция кызматкерлери интернет-алдамчылардын уюшкан тобун аныкташты

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери интернет аркылуу алдамчылык менен алектенген уюшкан топту аныкташты. Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, схеманын катышуучулары өздөрүн банктын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери катары тааныштырып, жарандарды акчаларын көзөмөлдөгү эсептерге которууга көндүрүшкөн. Андан соң каражаттар тез арада накталай акчага айландырылып же