2026-жылга республикалык бюджет бекитилди: киреше 551,2 млрд сом

2026-жылга республикалык бюджет бекитилди: киреше 551,2 млрд сом

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам бюджеттин орто мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоого жана 2026–2028-жылдар аралыгында мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

Ага ылайык, 2026-жылга республикалык бюджеттин кирешелери 551 млрд 207 млн сом, ал эми чыгашалары 550 млрд 770 млн сом көлөмүндө бекитилди.

Бюджеттин профицити 436,4 млн сомду түзүп, ал финансылык активдер боюнча операцияларды жүргүзүүгө жана мамлекеттик тышкы карыздын негизги суммасын жабууга багытталат.

Мындан тышкары окуңуз

Манас – Багыш багытында 4 тилкелүү автожол курулууда

Манас – Багыш багытында 4 тилкелүү автожол курулууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы тарабынан Манас шаарынан Багыш айылына чейинки автожолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн жол мурдагы темир жолдун ордуна салынууда. Учурда курулуш иштеринин алкагында эски темир жол конструкциялары алынууда. Ошондой эле жолдун негизин даярдоо жана

Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы төмөндөй баштады

Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы төмөндөй баштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы саткан өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы акыркы күндөрү төмөндөй баштаганы байкалууда. Мындан 10 күн мурда, 9-мартта Улуттук банктын алтын куймасынын 100 гр - 1 491 831 сом турса, бүгүн 19 мартта - 1 417 234 сомдон сатылып жатат. Улуттук банк алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Жогорку Кеңеште аял депутаттардын саны 31ге жетип, бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Парламенттер аралык бирлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан парламенттеги аялдардын үлүшү боюнча дүйнөлүк лидер деп табылган. Төрага белгилегендей, парламентте аялдардын өкүлчүлүгүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулуп

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,1 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына шилтеме берүү менен билдирди. Ошол эле учурда экспорт 20,3%га кыскарып, импорт 6,1%га көбөйдү. Жалпы