Данияр Амангелдиев америкалык ири компаниялар менен инвестициялык кызматташууну талкуулады

Данияр Амангелдиев америкалык ири компаниялар менен инвестициялык кызматташууну талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандагы инвестициялык кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда ал өлкөдө ири инфраструктуралык, энергетикалык жана өнөр жай долбоорлору активдүү ишке ашырылып жатканын белгиледи. Алардын ичинен аймактагы эң маанилүү демилгелердин бири катары Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору өзгөчө аталып, анын энергетикалык коопсуздукту чыңдоодогу жана электр энергиясын экспорттоодогу ролу белгиленди.

Данияр Амангелдиев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып жатканын белгилеп, 2025-жылы Standard & Poor’s Global Ratings агенттиги Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингин B+ деңгээлинде, “Туруктуу” прогноз менен тастыктаганын маалымдады.

Ошондой эле мамлекеттин салык саясаты инвесторлорду жана бизнес секторун колдоого багытталганын белгилеп, өкмөт узак мөөнөттүү инвестициялык жана технологиялык өнөктөштүк үчүн ачык жана атаандаштыкка жөндөмдүү шарттарды түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалог жаңы биргелешкен долбоорлорго жана Кыргыз Республикасы менен америкалык компаниялардын ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.