Кыргызстан мүчөлүк взнос төлөгөн эл аралык уюмдар тизмеси такталды
Кыргыз Республикасы мүчөлүк төлөмдөрүн төлөп келген эл аралык уюмдардын тизмеси такталып, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, өткөн жыл үчүн республика мүчөлүк жана үлүштүк төлөмдөрдү жүргүзгөн эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелердин тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңыланган тизме өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин каржылоо маселелерин жөнгө салуу максатында кабыл алынды.
Каралган жалпы төлөмдөрдүн көлөмү 2 миллиард 747,4 миллион сомду түзөт.
2025-жылы төмөнкү төлөмдөр жүргүзүлгөн:
- Түрк инвестициялык фонду — 1 млрд 575 млн сом;
- Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы — 321,2 млн сом;
- Евразия экономикалык бирлиги — 275,2 млн сом;
- Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы — 124,7 млн сом;
- Жамааттык коопсуздук келишим уюму — 58,9 млн сом;
- ШКУнун Катчылыгы — 37,5 млн сом;
- БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгы — 36,2 млн сом.