Президент айдоочулук күбөлүк берүү тартибиндеги өзгөрүүлөрдү түшүндүрдү

Президент айдоочулук күбөлүк берүү тартибиндеги өзгөрүүлөрдү түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров жеке автомектептерде айдоочулук күбөлүктөрдү “под ключ” алуу практикасы болуп келгенин билдирди. Бул тууралуу ал Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго ("Унаа") барган учурда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, айрым автомектептер даяр айдоочулук күбөлүк үчүн 60-70 миң сомдон 1 миң долларга чейин акча алышкан. Натыйжада 2015-2019-жылдары жеке автомектептерден окугандардын 90–95%ы экзаменден өтүп кеткен.

"Жеке автомектептерде “под ключ” деген вариант болгон. Бул баарыбызга эле жашыруун эмес. Айрымдары бардык этаптарды бүтүрүп, колуна айдоочулук күбөлүктү берип эле 60-70 миң сомдон 1 миң долларга чейин алышкан", — деди Садыр Жапаров.

Президент коррупцияга каршы иштер башталгандан кийин бул көрүнүш кескин өзгөргөнүн белгилеп, 2021-жылдан тарта экзаменден өткөндөрдүн саны 28%га чейин төмөндөгөнүн, ал эми 72%ы өтпөй калганын айтты.

Ошондой эле мамлекет башчысы 2025-жылга чейин чыккан эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жасалмалоо мүмкүн болгонун белгилеп, учурда эң акыркы үлгүдөгү, жасалмалоого мүмкүн эмес жаңы айдоочулук күбөлүктөр чыгарылганын билдирди.

"Азыр чыгарылган жаңы айдоочулук күбөлүктөр дүйнө жүзүндө алдыңкы ондукка кирет. Муну жасалмалоого мүмкүн эмес", — деп кошумчалады өлкө башчы.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.