С.Жапаров: Ийгиликтүү экзамен тапшырган курсанттар 18%га кыскарды

С.Жапаров: Ийгиликтүү экзамен тапшырган курсанттар 18%га кыскарды

Президент Садыр Жапаров Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик "Унаа" борборуна барып, жеке автоунаа мектептеринин директорлору жана курсанттары менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров жол кыймылынын эрежелерин бузууга байланыштуу жол-транспорт кырсыктарын кыскартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.

Мамлекет башчысы узак убакыт бою айдоочуларды даярдоо системасында коррупциялык көрүнүштөр орун алып келгенин белгиледи. Анын айтымында, буга байланыштуу мурда жеке автоунаа мектептеринде экзаменден ийгиликтүү өткөндөрдүн үлүшү 90%дан ашып келген. Ошол эле учурда айдоочулардын көпчүлүгүнүн чыныгы билими белгиленген талаптарга жооп берген эмес.

Ал коррупцияга каршы системалуу күрөш башталып, көзөмөл күчөтүлүп, тиешелүү органдарда кадрдык өзгөрүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин абал кескин өзгөргөнүн белгиледи. Ачык-айкын жана катуу экзамендик тартип шартында ийгиликтүү тапшыргандардын саны 18–20%га чейин кыскарып, бул айдоочулукка талапкерлердин чыныгы даярдык деңгээлин объективдүү чагылдырганын айтты.

Президент мындан ары тартипти бекемдөө, адам факторун толук жоюу жана экзамен системасын ирээтке келтирүү аркылуу айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз алуу мүмкүнчүлүгү толугу менен жоюларын, ал эми экзамен тапшыруу процесси адилеттүү жана калыс болорун баса белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаров акыркы он жыл ичинде республика боюнча болжол менен 75 миң жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 9 миң 120 адам каза болгонун кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.