УКМК телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды кармады

УКМК телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды кармады

УКМК телефон шылуундарына көмөктөшкөн канал жабылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы уюлдук операторлордун WhatsApp, Telegram жана Lalafo мобилдик мессенжер аккаунттарын активдештирүү менен алектенген адамдардын тобу мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп, жарандарды банк карталарын сатууга көндүрүп келишкен.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, аккаунттар жана банк карталары Telegram аркылуу "скамерам" деп аталган эл аралык алдамчыларга сатылчу.

"Өздөрүн УКМКнын, Улуттук банктын жана башка мекеме кызматкерлери деп тааныштырган шылуундар жарандарга телефон чалып, аларды террористтик уюмдарга катышы бар деп айыптап, андай уюмдарды каржылаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын айтып, коркутушкан. Кылмыштуу топ ошондой эле жасалма бланктарды жана кол тамгаларды колдонуп, УКМКнын жетекчилигинин атынан террористтик уюмдарды каржылоого катышкан деген айыптоо менен каттарды жөнөтүшкөн", - деп жазылган маалыматта.

Бул кылмыш ишинин алкагында 16 жаштан 26 жашка чейинки жети адам кармалды.

2008-жылы туулган А.Б.Н. №14 түзөтүү колониясына эки айга эркинен ажыратылды, 2006-жылы туулган А.Э.К., Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды, 26 жаштагы Р.Ш.К. мурда "алдамчылык" беренеси менен бир нече жолу айыпталып, соттолгон, бул жолу УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды, 24 жаштагы Ж.К.Р. мурда бир нече жолу соттолгон, "каракчылык", "алдамчылык", "уурулук" беренелери боюнча айыпталган, учурда УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды, 21 жаштагы A.у. С. мурда "киши өлтүрүү", "алдамчылык" беренеси менен айыпталып соттолгон, УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизилди, 29 жаштагы Ж.С.А. Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалды.

Дагы үчөө - 16 жаштагы Т.Б.Ш., 17 жаштагы А.А.А. жана 16 жаштагы К. И. ата-энелеринин милдеттенмеси астында бошотулушту.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.