Улуттук илимдер академиясынын ишин жөнгө салган токтом кабыл алынды

Улуттук илимдер академиясынын ишин жөнгө салган токтом кабыл алынды

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын (УИА) ишмердүүлүгүнө байланыштуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган токтом менен Улуттук илимдер академиясынын уставы, илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү координациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобо, ошондой эле УИАнын мүчөлөрүн шайлоо тартиби тууралуу жобо бекитилди.

Токтомго ылайык, УИАнын укуктук макамы такталып, илимий экспертизанын ролу күчөтүлдү. Мындан тышкары, Улуттук илимдер академиясына Кыргыз Республикасынын Президенти үчүн илим жаатындагы ар жылдык улуттук отчётту, ал эми Министрлер Кабинети үчүн отчеттук мезгилдеги илимий жетишкендиктер камтылган жылдык отчётту даярдоо милдети жүктөлдү.

Ошондой эле УИАнын мүчөлөрүн шайлоо тартиби жөнгө салынып, квалификациялык талаптар, жаш курактык чектөөлөр жана академиялык жоопкерчилик белгиленди. Документте кызматкерлердин этика кодекси, илимий жана административдик ишмердикти жүргүзүүдө кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө маселелери да камтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.