Министрдин убактылуу жетекчилери дайындалды

Министрдин убактылуу жетекчилери дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык төмөнкү адамдар министрлердин милдетин аткаруучу болуп дайындалды:

Токтобаев Акыл Токтобаевич — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу
Шамырканов Урматбек Муслинович — Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу
Солтобаев Талантбек Осмонбекович — Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу

Бул дайындоолор расмий макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте Дэн Сяопин–Кустанай көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкекте Дэн Сяопин–Кустанай көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектиси менен Кустанай көчөсүнүн кесилиши 8-апрелден 13-апрелге чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган тилкеде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Муниципалдык кызматтар шаар тургундарын жана айдоочуларды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. Ошондой эле каттамдарды алдын ала пландап алуу сунушталат.

Прокурордук чаралардын негизинде 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сомдон ашык зыян кайтарылган

Прокурордук чаралардын негизинде 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сомдон ашык зыян кайтарылган

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев прокуратура органдарынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун берди. Анын айтымында, өткөн жылы өлкө боюнча 25 миңге жакын мыйзам бузуулар аныкталып, аларды жоюу жана болтурбоо үчүн 12 миңден ашык прокурордук чара көрүлгөн. Натыйжада 570 кылмыш иши козголуп, сотко 771 доо арыз жөнөтүлгөн.

Бишкекте 280 орундуу бала бакча капиталдык оңдоодон өтүүдө

Бишкекте 280 орундуу бала бакча капиталдык оңдоодон өтүүдө

Бишкек шаарынын Коммунаров көчөсү, 93 дарегинде жайгашкан 280 орунга ылайыкталган бала бакчаны капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Имараттын жалпы аянты 2304,8 чарчы метрди түзсө, жер тилкесинин аянты 0,79 гектарды түзөт. Эки кабаттан турган бала бакча заманбап талаптарга ылайык жаңыланып жатат. Долбоорго ылайык, биринчи кабатта 6

Үч айда транспорттук көзөмөлдөн бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түштү

Үч айда транспорттук көзөмөлдөн бюджетке 70 млн сомго жакын каражат түштү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаменти тарабынан 2026-жылдын биринчи үч айында транспорттук көзөмөл иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, транспорттук көзөмөл пункттарында жана станциялык курулмаларда жүргүнчү жана жүк ташуучу жалпы 189 396 автоунаа текшерилген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында транспорттук мыйзамдардын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2 609 протокол