Адылбек Касымалиев: 2025-жылы Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлүндү

Адылбек Касымалиев: 2025-жылы Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлүндү

2025-жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча мамлекет Ош облусуна 8,543 млрд сом бөлгөн, анын 8,1 млрд сому толук каржыланган, деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлгөн коллегияда. Бул каражат 357 объектке жумшалды.

Анын ичинен 242 социалдык объектке багытталган: 133 мектеп, 57 бала бакча, 17 саламаттыкты сактоо жана 35 маданият жана спорт комплекстеринде курулуш жана ремонт иштери жүргөн. Жалпысынан бул максатка 3,7 млрд сом каралган.

Инфраструктуралык объекттерге, анын ичинде 82 автожолго 4,348 млрд сом, Өзгөн–Мырзаке–Кара-Кулжа жолуна 2,2 млрд сом, таза суу жана ирригациялык объекттерге 317,9 млн сом бөлүнгөн. Ош облусунун жергиликтүү бюджеттерине трансферт катары 1,329 млрд сом бөлүнүп, республикалык бюджеттен жалпысынан 11 млрд сом кирген.

МинКаб Төрагасы облус бюджетинин 2025-жылы 6,447 млрд сомго жеткенин, 2024-жылга салыштырмалуу 2,3 млрд сомго көбөйгөнүн белгиледи. Бирок өндүрүмдүүлүк Талас облусуна салыштырмалуу аз: Таласта 51 млрд сом, Ошто 22,8 млрд сом түзгөн.

Адылбек Касымалиев бир катар тапшырмаларды берди: өнөр жай продукциясын жогорулатууну, экспортту көбөйтүүнү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун кеңейтүүнү, инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүүнү жана токтоп турган өндүрүш ишканаларын жандандырууну баса белгиледи.

Жыйынтыгында 2025-жыл үчүн Өзгөн жана Чоң-Алай райондору “жакшы”, ал эми жалпы Ош облусу “канааттандырарлык” деген баа алды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Калк фондусу (ЮНФПА) тарабынан берилген мисопростол дары каражатын алды. Бул жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого, ошондой эле аялдар үчүн сапаттуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү: * 350 миң таңгак (ар биринде 4 таблеткадан) * жалпы суммасы 18,4 млн сом Мисопростол маанилүү

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Аяктаган кылмыш иштери жана соттук териштирүүдөн баш тартылган иштерден келтирилген зыяндын жалпы суммасы 70 млрд 680 млн сомду түзгөнүн башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке кайтарылды. "Кайтарылган каражаттын анча чоң эмес бөлүгү улуттук коопсуздук органдары тарабынан иликтенген иштерге

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулар туура эмес жерге токтотулуп, эвакуацияланган автоунаасынын жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде билишерин Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Тиркеме аркылуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бар: * автоунааны тез табуу; * атайын айып токтотмо жайынын дарегин картадан көрүү; * эвакуация кызматынын байланыш маалыматтарын алуу. Автоунаанын

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Кытайдан товарларды ташып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Жеке ишкана Бишкек ЭЭЗдин “Ак-Чий” тилкесине Кытайдан товарларды ташып келүү учурунда декларацияда жалган маалыматтарды көрсөткөн. Бажылык текшерүүдө жүктүн кошумча документтеринде көрсөтүлбөгөн товарлар, анын ичинде аккумулятордук батарейкалар, электроскутерлер үчүн генераторлор жана чынжырлуу дөңгөлөктөр табылган. Ошондой эле декларацияланган товарлардын