ЖК комитети үч министр жана УКМК төрагасынын дайындалышына макулдук берди

ЖК комитети үч министр жана УКМК төрагасынын дайындалышына макулдук  берди

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жана үч министрдин кызмат орундарына көрсөтүлгөн талапкерлерди дайындоого макулдук берүү маселесин карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Комитет төмөнкү талапкерлерди макул деп тапты:

Жумгалбек Шабданбеков – УКМК төрагасы;
Акыл Токтобаев – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Урматбек Шамырканов – Өзгөчө кырдаалдар министри;
Талантбек Солтобаев – Транспорт жана коммуникациялар министри.

Макулдук берилген талапкерлердин дайындалышы Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Калк фондусу (ЮНФПА) тарабынан берилген мисопростол дары каражатын алды. Бул жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого, ошондой эле аялдар үчүн сапаттуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү: * 350 миң таңгак (ар биринде 4 таблеткадан) * жалпы суммасы 18,4 млн сом Мисопростол маанилүү

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Аяктаган кылмыш иштери жана соттук териштирүүдөн баш тартылган иштерден келтирилген зыяндын жалпы суммасы 70 млрд 680 млн сомду түзгөнүн башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке кайтарылды. "Кайтарылган каражаттын анча чоң эмес бөлүгү улуттук коопсуздук органдары тарабынан иликтенген иштерге

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулар туура эмес жерге токтотулуп, эвакуацияланган автоунаасынын жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде билишерин Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Тиркеме аркылуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бар: * автоунааны тез табуу; * атайын айып токтотмо жайынын дарегин картадан көрүү; * эвакуация кызматынын байланыш маалыматтарын алуу. Автоунаанын

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Кытайдан товарларды ташып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Жеке ишкана Бишкек ЭЭЗдин “Ак-Чий” тилкесине Кытайдан товарларды ташып келүү учурунда декларацияда жалган маалыматтарды көрсөткөн. Бажылык текшерүүдө жүктүн кошумча документтеринде көрсөтүлбөгөн товарлар, анын ичинде аккумулятордук батарейкалар, электроскутерлер үчүн генераторлор жана чынжырлуу дөңгөлөктөр табылган. Ошондой эле декларацияланган товарлардын