Чынгыз Эшимбеков Чикаго консулу болуп дайындалды
Садыр Жапаров Чынгыз Эшимбековду Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу кылып дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул чечим өлкөнүн Конституциясына ылайык кабыл алынган. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан маалымдашты.
Чынгыз Эшимбеков дипломатиялык кызматта бай тажрыйбага ээ. 2015–2019-жылдары ал Бириккен Араб Эмираттарындагы Кыргызстандын Элчиси болуп иштеген. 17-сентябрдан 2019-жылдан 18-сентябрга 2023-жылга чейин Катарда өзгөчө жана толук ыйгарым укуктуу элчи кызматын аркалаган.
Анын Персия булуңундагы өлкөлөрдөгү тажрыйбасы жана түзүлгөн эл аралык байланыштары АКШдагы ишкер чөйрөлөр менен кызматташтыкты күчөтүүгө жана бул аймакта жашаган кыргызстандыктарга колдоону жогорулатууга өбөлгө болот деп күтүлүүдө.