Өкмөттө бюрократияны кыскартуу жана санариптештирүү чаралары талкууланды

Өкмөттө бюрократияны кыскартуу жана санариптештирүү чаралары талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын сегизинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында Президенттин 2025-жылдын 10-мартындагы №83 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында санариптештирүүнү тездетүү, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Финансы министри Алмаз Бакетаев санариптик долбоорлорду каржылоо жана Казыналык системасын кайра уюштуруу боюнча маалымат берди. Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов тиешелүү жарлыктын аткарылышы тууралуу баяндама жасап, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.

Жогорку Соттун жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү сот системасын санариптештирүү, электрондук иш жүргүзүү жана IT-инфраструктураны жаңылоо боюнча иштер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле соттук отурумдарды түз эфирде көрсөтүү маселеси көзөмөлгө алынды.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Улуттук илимдер академиясынын өз алдынчалыгын жогорулатуу боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берип, нормативдик маселелерди тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жыйынтыгында ведомстволор аралык координацияны күчөтүү, тапшырмалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана санариптештирүү менен бюрократиядан арылтуу боюнча долбоорлорго ресурстук колдоону биринчи кезекте камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар коюлду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бюрократияны жоюу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берерин белгилеп, иштердин ыкчам жана натыйжалуу аткарылышын талап кылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Калк фондусу (ЮНФПА) тарабынан берилген мисопростол дары каражатын алды. Бул жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого, ошондой эле аялдар үчүн сапаттуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү: * 350 миң таңгак (ар биринде 4 таблеткадан) * жалпы суммасы 18,4 млн сом Мисопростол маанилүү

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Аяктаган кылмыш иштери жана соттук териштирүүдөн баш тартылган иштерден келтирилген зыяндын жалпы суммасы 70 млрд 680 млн сомду түзгөнүн башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке кайтарылды. "Кайтарылган каражаттын анча чоң эмес бөлүгү улуттук коопсуздук органдары тарабынан иликтенген иштерге

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулар туура эмес жерге токтотулуп, эвакуацияланган автоунаасынын жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде билишерин Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Тиркеме аркылуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бар: * автоунааны тез табуу; * атайын айып токтотмо жайынын дарегин картадан көрүү; * эвакуация кызматынын байланыш маалыматтарын алуу. Автоунаанын

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Кытайдан товарларды ташып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Жеке ишкана Бишкек ЭЭЗдин “Ак-Чий” тилкесине Кытайдан товарларды ташып келүү учурунда декларацияда жалган маалыматтарды көрсөткөн. Бажылык текшерүүдө жүктүн кошумча документтеринде көрсөтүлбөгөн товарлар, анын ичинде аккумулятордук батарейкалар, электроскутерлер үчүн генераторлор жана чынжырлуу дөңгөлөктөр табылган. Ошондой эле декларацияланган товарлардын