Парламентте жаңы реформалык кадамдар жана санариптештирүү талкууланды

Парламентте жаңы реформалык кадамдар жана санариптештирүү талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жакында эле президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, парламенттин келерки 5 жылдык стратегиясын талкуулаганын билдирди. Төрага өз сөзүндө санариптештирүү жана реформаларга өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Президенттин администрациясында санариптештирүү саясатында чечимдер 10-20 эсе ыкчам кабыл алынат. Бул иштин натыйжалуулугун, каражат үнөмдөөнү жана адам ресурстарын туура пайдаланууну жакшыртат. Мисалы, 2024-жылы санариптештирүүнүн натыйжасында 1 млрд 205 млн сом үнөмдөлдү”, – деди Маматалиев.

Парламентте да документтерди электрондук түрдө берүү ишке ашырылат: ар бир депутатка планшет берилет, анда жыйындар, комитет отурумдары, депутаттык топтордун материалдары жана башка керектүү маалыматтар алдын ала жеткирилет. Ошондой эле маселе пайда болгон учурда тиешелүү жетекчилер онлайн катышууга мүмкүнчүлүк алат.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңешке келгендер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында беш депутаттык топко өзүнчө коомдук кабылдама жана энелер бөлмөсү ачылары маалым болду.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жол ачылат

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жол ачылат

Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында өлкө жетекчилигинин катышуусунда жаңы асма жол расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигине билдирди. Анын айтымында, тоо башына курулуучу мейманканалар жана тамактануучу жайлар экологиялык стандарттарга ылайык жана бардык эрежелерди сактоо менен ишке ашырылууда. “Жакынкы келечекте Кыргызстандын ар бир тоосу жана

Жогорку Кеңеш дагы 4 жаңы депутат менен толукталды

Жогорку Кеңеш дагы 4 жаңы депутат менен толукталды

Бүгүн КРнын Жогорку Кеңешинин пленардык отурумунун жүрүшүндө,  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров депутаттардын жаңы курамы менен тааныштырып, эл өкүлдөрүнун ант берүү аземи болду. Т.Шайназаровдун айтымында, Боршайком 2026-жылдын 13-февралында 2025-жылдын 30-ноябрындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодогу №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, 2025-жылдын 3-декабрындагы №160-токтомун кайра карап, ал токтомду жокко

Финансы министрлигинин гранттары Чүй облусундагы  долбоорлорду  192 млн сомго каржылаган

Финансы министрлигинин гранттары Чүй облусундагы долбоорлорду 192 млн сомго каржылаган

2025-жылы Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттардын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпы суммасы 365 млн 872 миң сомду түзгөн 89 долбоорду ишке ашырган. Бул тууралуу бүгүн Чүй облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев 2026-жылга карата Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерине арналган коллегиянын

Социалдык кызматкерлер өлкө боюнча 9 452 муктаж жаранга жардам көрсөтүшөт

Социалдык кызматкерлер өлкө боюнча 9 452 муктаж жаранга жардам көрсөтүшөт

Бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук жана райондор аралык башкармалыктарында 2026-жылдын 1-январына карата 854 социалдык кызматкер социалдык жардамга муктаж болгон 9452 жаранга үйүнө барып кызмат көрсөтүшөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Алардын ичинде: • жалгыз бой улгайган жарандар – 3819 адам; • майыптыгы бар адамдар – 2313 адам; • жубайлар – 350 үй-бүлө;