Президент ишкерлерге кысымсыз иштөө үчүн шарт түзүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жолду расмий ачуу учурунда күч түзүмдөрү ишкерлерди негизсиз кысымга албоо керектигин эскертти.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстанда инвесторлорго ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында шарттар түзүлүүдө. Ишкерлерге ыксыз текшерүүлөргө мораторий киргизилген жана салыктык жеңилдиктер каралган.
“Ишкерлер ирденип, салыктарды төлөп, кошумча жумуш орундарын түзсө, мамлекетке жана коомго пайда гана алып келет. Биз ишеним көрсөтүп, шарттарды түзүп жатабыз, ишкерлер да ак иштеп, кыянаттык кылбайт деп үмүттөнөбүз”, — деди Садыр Жапаров.