Садыр Жапаров Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды

Садыр Жапаров Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды

Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациянын төрайымы Джузеппина Принчи баштаган Европа парламентинин депутаттарын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндигин камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Европа өлкөлөрү менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, диалогду мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин ырастады. Ал Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин ортосундагы кызматташтыкты маанилүү диалогдук механизм катары баалады.

Өз кезегинде делегация өкүлдөрү Кыргызстандагы акыркы оң өзгөрүүлөрдү жана реформаларды жогору баалап, конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, студенттик алмашуу программаларын активдештирүү маселелери да көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты өз ара кызыкчылыктагы багыттар боюнча мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Калк фондусу (ЮНФПА) тарабынан берилген мисопростол дары каражатын алды. Бул жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого, ошондой эле аялдар үчүн сапаттуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү: * 350 миң таңгак (ар биринде 4 таблеткадан) * жалпы суммасы 18,4 млн сом Мисопростол маанилүү

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Аяктаган кылмыш иштери жана соттук териштирүүдөн баш тартылган иштерден келтирилген зыяндын жалпы суммасы 70 млрд 680 млн сомду түзгөнүн башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке кайтарылды. "Кайтарылган каражаттын анча чоң эмес бөлүгү улуттук коопсуздук органдары тарабынан иликтенген иштерге

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулар туура эмес жерге токтотулуп, эвакуацияланган автоунаасынын жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде билишерин Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Тиркеме аркылуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бар: * автоунааны тез табуу; * атайын айып токтотмо жайынын дарегин картадан көрүү; * эвакуация кызматынын байланыш маалыматтарын алуу. Автоунаанын

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Кытайдан товарларды ташып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Жеке ишкана Бишкек ЭЭЗдин “Ак-Чий” тилкесине Кытайдан товарларды ташып келүү учурунда декларацияда жалган маалыматтарды көрсөткөн. Бажылык текшерүүдө жүктүн кошумча документтеринде көрсөтүлбөгөн товарлар, анын ичинде аккумулятордук батарейкалар, электроскутерлер үчүн генераторлор жана чынжырлуу дөңгөлөктөр табылган. Ошондой эле декларацияланган товарлардын