Жогорку Кеңеш дагы 4 жаңы депутат менен толукталды

Жогорку Кеңеш дагы 4 жаңы депутат менен толукталды

Бүгүн КРнын Жогорку Кеңешинин пленардык отурумунун жүрүшүндө,  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров депутаттардын жаңы курамы менен тааныштырып, эл өкүлдөрүнун ант берүү аземи болду.

Т.Шайназаровдун айтымында, Боршайком 2026-жылдын 13-февралында 2025-жылдын 30-ноябрындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодогу №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, 2025-жылдын 3-декабрындагы №160-токтомун кайра карап, ал токтомду жокко чыгарып, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган талапкерлер - Алтынбеков Айбекти, Мамытов Талантты, Карабекова Айгүлдү КРнын Жогорку Кеңешине шайланган депутаттары деп таанылган.

“БШКнын 2026-жылдын 13-февралындагы №15 токтому менен БШКнын 2025-жылдын 30-декабырындагы №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КРнын ЖКнын депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү жөнүндөгү №196 токтому жокко чыгарылды. Бул токтомдор Бишкек административдик жана КРнын Жогорку Соттору тарабынан каралып, БШКнын чечими мыйзамдуу деп, табылды. Ошондуктан бүгүнкү комиссиянын отурумунда, Алтынбеков Айбекти, Мамытов Талантты, Карабекова Айгүлдү КРнын Жогорку Кеңешинин  депутаттары деп каттады” – деп билдирди Шайназаров.

Мындан сырткары Боршайкомдун төрагасы, 2026-жылдын 17-февраль күнү КРнын ЖКнин депутаты Сулайманов Эрландын өзүнүн берген арызынын негизинде, анын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулгандыгын билдирди. Ал эми анын бош калган мандат орду кийинки шайлоого катышкан шайлоочулардын көп добушуна ээ болгон Абдуллаев Азимбекке ыйгарыпып, ал КРнын ЖКнын депутаты болуп катталды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Кыргызстан аялдардын ден соолугу үчүн 18,4 млн сомдук дары алды

Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун Калк фондусу (ЮНФПА) тарабынан берилген мисопростол дары каражатын алды. Бул жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого, ошондой эле аялдар үчүн сапаттуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү: * 350 миң таңгак (ар биринде 4 таблеткадан) * жалпы суммасы 18,4 млн сом Мисопростол маанилүү

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Былтыр прокуратура мамлекеттик бюджетке 67,9 млрд сом кайтарды

Аяктаган кылмыш иштери жана соттук териштирүүдөн баш тартылган иштерден келтирилген зыяндын жалпы суммасы 70 млрд 680 млн сомду түзгөнүн башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке кайтарылды. "Кайтарылган каражаттын анча чоң эмес бөлүгү улуттук коопсуздук органдары тарабынан иликтенген иштерге

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" тиркемесинде эми эвакуацияланган автоунааны табууга болот

"Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу айдоочулар туура эмес жерге токтотулуп, эвакуацияланган автоунаасынын жайгашкан жерин реалдуу убакыт режиминде билишерин Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Тиркеме аркылуу төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бар: * автоунааны тез табуу; * атайын айып токтотмо жайынын дарегин картадан көрүү; * эвакуация кызматынын байланыш маалыматтарын алуу. Автоунаанын

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Бишкек ЭЭЗинде декларациялык жалган маалыматтар аныкталды

Кытайдан товарларды ташып келүүдө бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Жеке ишкана Бишкек ЭЭЗдин “Ак-Чий” тилкесине Кытайдан товарларды ташып келүү учурунда декларацияда жалган маалыматтарды көрсөткөн. Бажылык текшерүүдө жүктүн кошумча документтеринде көрсөтүлбөгөн товарлар, анын ичинде аккумулятордук батарейкалар, электроскутерлер үчүн генераторлор жана чынжырлуу дөңгөлөктөр табылган. Ошондой эле декларацияланган товарлардын