2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи 102,2%ды түздү. Кайра иштетүү өнөр жайында 104,7 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү 130,1%га жеткен.
Ошондой эле айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрү дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнө экспорттолууда. Өлкө калкы тогуз негизги социалдык азык-түлүктүн алты түрү менен камсыз болгон.
Касымалиев 2030-жылга чейинки улуттук программага ылайык, айыл чарба өндүрүшүн 30%га, кайра иштетүүнү 2 эсеге көбөйтүү максаты коюлганын белгиледи. 2026-жылы ирригация тармагына 12,3 млрд сом каралып, жалпы айыл чарбасына 41,1 млрд сом багыттоо пландалууда.


