Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда
Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди.
Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу зарыл. Анын ичинен 75 ишкана 2026-жылы ишке берилет.
Ал үрөнчүлүк, асыл тукум мал чарбачылыгы жана питомниктердин материалдык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады. Жеңилдетилген кредиттик каражаттарды толук өздөштүрүү негизги багыттардын бири болот.
Форумдун алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлерин сыйлоо аземи өттү.


