Касымалиев Кардиохирургия институтундагы оңдоо иштерин текшерди

Касымалиев Кардиохирургия институтундагы оңдоо иштерин текшерди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев М. Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунда жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жүрүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында ал курулуштун темпин, медициналык мекемелердин абалын жана бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты. Кардиология борборунда капиталдык оңдоонун негизги этаптары жыйынтыкталып, бир катар бөлүмдөрдө иштер аяктаганы маалымдалды. Инженердик тармактар жаңыланып, лифттер орнотулган.

Өткөн жылы өрт чыккан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунда да оңдоо-калыбына келтирүү иштери аяктоо баскычында. Имаратта инженердик системалар толук жаңыланып, операциялык блоктун иштеши үчүн зарыл шарттар түзүлгөн. Мекемеге 270 млн сомго заманбап медициналык жабдуулар сатылып алынган.

Жыйынтыгында Касымалиев жооптуу органдарга бардык иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү, ошондой эле медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Жогорку Кеңешке мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү масштабдуу реформалоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди. Документ мамлекеттик активдерди сатуу механизмдерин түп-тамырынан өзгөртүүнү жана инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү сунуштайт. Демилгечи — Министрлер кабинети. Долбоорго ылайык, мыйзамдардан буга чейин колдонулуп келген бир катар менчиктештирүү ыкмалары алынып салынат. Атап айтканда, конкурс аркылуу сатуу, ошондой эле мүлктү ижарага же

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди. Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Шабдан Баатыр

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Мамлекет жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван району тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кимде-ким бала бакча же мектеп курууну кааласа, жер акысыз берилет: район борборлорунда, чакан шаарларда, облустук борборлордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында.

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө