Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, жалпы 5 адам кармалды. Биринчи май райондук сотунун чечими менен алар камакка алынды.

Жогоруда айтылган фактылардын негизинде УКМКнын Ички коопсуздук кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын натыйжасында:

  • 6 кызматкер улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган;
  • 6 кызматкер ээлеген кызмат ордунан алынып, УКМКнын карамагынан чыгарылды;
  • УКМКда кызмат өтөөгө 1 талапкер четтетилди;
  • УКМКнын 8 кызматкерине тартиптик жаза чаралары көрүлдү.

Жогоруда айтылган коррупциялык топко тиешеси бар УКМКнын башка кызматкерлерин аныктоо боюнча иштер уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган

Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти

Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти

Кыргызстанда сугат жерлеринин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жеткенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык кеңешмеде айтты. Министрдин маалыматы боюнча, 2025-жылы 4 455 гектар жаңы сугат жер пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 22 эсе жогору