МинКаб өзгөчө кырдаалдар убагында төлөмдөрдү төлөө тартибин тактоону сунуштады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук талкууга өзгөчө кырдаал учурунда жабыркаган жарандарга бир жолу берилчү социалдык төлөмдөрдүн шарттары жана тартибин тактоочу жобо долбоорун чыгарды.
Өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы азыркы жобону колдонууда пайда болгон практикалык маселелерге байланыштуу. Финансы министрлиги бюджетке болгон тобокелдиктерди көрсөткөн: калкка бир адамга жашоо минимуму өлчөмүндө төлөмдөрдү берүү болжол менен 10 млрд сомду түзмөк, бул республикалык бюджеттин аткарылышына коркунуч жаратмак.
Натыйжада, такталган өлчөм “муктаждыктын фактысына жараша аныкталат” деген принцип менен алмаштырылды. Жабыркаган жарандар жана каза болгон үй-бүлөлөр үчүн так суммаларды МинКаб жарандык коргоо комиссияларынын чечимдерине ылайык, кырдаалдын масштабы жана кесепеттерине карап бекитет.
Мындан тышкары, төлөмдөрдү алуу талаптарынан өз каалоосу менен камсыздандыруу полиси алынган: камсыздандыруу компаниялары өзгөчө кырдаал учурундагы окуяларды камсыздандыруу учуру катары тааный бербегени аныкталган, бул шарт мыйзамдык жактан маанисиз болгон.
Ошондой эле, жабыркагандар тизмесин түзүүдө жергиликтүү бийлик органдары менен жарандык коргоо комиссияларынын функциялары такталган, чечим кабыл алуу мөөнөттөрү оперативдүү жооп берүү зарылдыгына байланыштуу кыскартылган.
ӨКМ маалыматы боюнча, 2024-жылы өлкөдө 133 өзгөчө кырдаал катталып, 79 адам каза болгон жана 18 адам жабыркаган.