Жогорку Кеңештин ишин эми ЖИ алып баруучулар чагылдырат

Жогорку Кеңештин ишин эми ЖИ алып баруучулар чагылдырат

Жогорку Кеңеште парламенттин ишин чагылдыруу жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты ыкчам жеткирүү максатында жасалма интеллектке негизделген система ишке киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы долбоордун алкагында "Мырза" жана "Айым" аттуу виртуалдык телеалып баруучулар каралып жаткан мыйзам долбоорлору жана башка маселелер боюнча видеоматериалдарды жана маалыматтык тексттерди даярдап, депутаттардын иши тууралуу коомчулукка маалымат таратышат.

Бул демилге Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин парламенттин ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана заманбап технологияларды кеңири колдонуу боюнча берген тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды. Аталган багытта Аппаратка тиешелүү тапшырмалар берилип, кыска мөөнөт ичинде бир катар долбоорлор иштелип чыккан.

"Мырза" жана "Айым" — санариптик трансформациянын алкагында ишке ашкан долбоорлордун бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди

Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экендигин 3-мартта Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу брифинг учурунда ТИМ билдирди. Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "ТюлпанЛенд" компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон башталат. Каалоочулар гүлдөрдү дүң жана чекене түрдө сатып алуу

Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводу модернизацияланат

Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводу модернизацияланат

Инвесторлор менен иш жүргүзүү алкагында Инвестиция боюнча улуттук агенттигинин кызматкерлери, Экономика министрлигинин өкүлдөрү жана Кара-Балта мэриясы "Чайна Петроль Компани "Джунда" ЖЧКсынын мунай кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациянын жүрүшү менен таанышты. Иш сапар компания жана инвестор — Кытайдын Шэньсий көмүр-курулуш корпорациясы тарабынан расмий чакыруунун негизинде уюштурулган. Алар долбоордун капиталдык

Былтыр жаратылышты коргоо багытында 3,6 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр жаратылышты коргоо багытында 3,6 млн сом айып пул өндүрүлгөн

2025-жылы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо багытында жалпысынан 42 текшерүү жана 561 рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында 567 укук бузуу фактысы аныкталып, 3 907 500 сом айып салынды. Учурда анын 3 594 500 сому өндүрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Ысык-Көл жана Соң-Көлдө рейддик иш-чаралар