Былтыр жаратылышты коргоо багытында 3,6 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр жаратылышты коргоо багытында 3,6 млн сом айып пул өндүрүлгөн

2025-жылы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо багытында жалпысынан 42 текшерүү жана 561 рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында 567 укук бузуу фактысы аныкталып, 3 907 500 сом айып салынды. Учурда анын 3 594 500 сому өндүрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ысык-Көл жана Соң-Көлдө рейддик иш-чаралар

Ысык-Көл акваториясында 99 рейд өткөрүлүп, 63 айып салынды (жалпы суммасы 335 500 сом). Ошондой эле 3 038 162 сом өлчөмүндө доо коюлуп, анын 2 371 893 сому өндүрүлдү. Рейддердин жүрүшүндө 30 600 метр синтетикалык балык торлору жок кылынды.

Соң-Көл акваториясында 100 рейд жүргүзүлүп, 98 мыйзам бузуу катталды. 308 000 сом айып салынып, 3 800 метр мыйзамсыз орнотулган балык торлору алынган.

Жалпысынан республика боюнча 56 900 метр синтетикалык балык торлору алынып, мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюлду.

Мыйзамсыз аңчылык жана ташып өтүү фактылары

Манас эл аралык аэропорту аймагында мыйзамсыз атылган канаттууларды алып өтүү фактысы аныкталып, 265 500 сом өлчөмүндөгү доо толугу менен өндүрүлдү.

Мындан тышкары, Достук өткөрмө посту аркылуу мыйзамсыз ташылып жаткан 200 даана деңиз таш бакасы кармалып, Ош шаарындагы зоопаркка өткөрүлүп берилди.

Экологиялык чаралар жана мониторинг

Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 Жарлыгына ылайык, 1267 рекреация объектиси инвентаризациядан өткөрүлдү.

Облустун аймагында 226 саркынды сууларды тазалоочу курулма иштеп жатканы аныкталса, 868 конок үйдө тазалоочу курулмалар жок экени белгилүү болду.

Тиешелүү кызмат жаратылыш ресурстарын коргоо, мыйзам бузууларды алдын алуу жана экологиялык талаптарды көзөмөлдөө боюнча иштерин мындан ары да улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен