Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды

Депутат "Бакай-Ата" конушундагы жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранды

Депутат Уланбек Жаанбаев "Бакай-Ата" турак жай массивиндеги жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну Жогорку Кеңештин жыйынында суранды.

Анын айтымында, "Бакай-Ата" жаңы конушу 1989-жылы түзүлгөн жана баш калаадагы алгачкы турак жай массивдеринин бири болуп эсептелет.

"Аймакта негизги инфраструктуралар — газ жана канализация бар, бирок 96 үй-бүлөнүн дагы эле өз үйлөрүнүн менчигин толук каттай албай жатканы көйгөй болуп турат. Алар бизге жер тилкелерин каттоону ылдамдатууну суранууда, анткени жер амнистиясы боюнча президенттин жарлыгынын мөөнөтү март айында бүтөт", — деди Уланбек Жаанбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеште суу тарифин 37 сомго чейин көтөрүү сунушталды

Жогорку Кеңеште суу тарифин 37 сомго чейин көтөрүү сунушталды

Депутат Табылды Муратбеков Кыргызстанда ичүүчү суу үчүн тарифтерди көтөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, өлкө боюнча орточо тариф 14,38 сомго өскөндө 1 метр куб суунун баасы 36,99 сомго жетиши мүмкүн. Депутаттын пикиринде, учурдагы тариф суу камсыздоо кызматтарынын реалдуу чыгымдарын жаба албайт. Финансылык жетишсиздиктен айрым облустардагы суу түтүктөрү эскирүүгө учурап, суу

ЖК депутаты журналисттердин турак жай, маяна маселесине көңүл бурууну сунуштады

ЖК депутаты журналисттердин турак жай, маяна маселесине көңүл бурууну сунуштады

Өлкөдө журналисттердин турак жай маселесинен баштап айлык акысына чейин көңүл буруу зарыл экенин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова билдирди. Анын айтымында, учурда коомчулукту такталган маалымат менен камсыздоодо журналисттердин эмгеги бааланышы зарыл. Азыр алардын маянасы 13 миңден 20 миңге чейин, эң көп алганы 30 миң сом. Мындан улам эл өкүлү

Кыргызстанда аңчылык кылуу  билетинин баасы 15 миң сом болот

Кыргызстанда аңчылык кылуу билетинин баасы 15 миң сом болот

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагынов "Биринчи радио" эфиринде билдиргендей, 2025-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык боюнча 75 факт катталганын билдирди. Анын айтымында, аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча 121 протокол түзүлүп, суммасы 1,5 млн сомдон ашык айып пул салынган. Мыйзамсыз аңчылык республиканын бардык аймактарында жайылган:

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Оман аркылуу 5-мартта БАЭдеги 360 кыргызстандык мекенине келет

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 4-марттан 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман аркылуу атайын эки каттам уюштуруларын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, айрым техникалык кыйынчылыктарга жана аймактагы татаал кырдаалга карабастан, министрлик жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр коопсуз аба коридорун макулдашууга жетишти.