Табийгатты коргоо мыйзамын бузгандарга 18 млн сом айып пул салынды
2025-жылы Кыргызстанда табиятты коргоо мыйзамын бузгандарга жалпы 18 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынганын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Азат Сагынов "Биринчи радио" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо багытында 300дөн ашык рейд жүргүзүлгөн, алар аңчылык сезонуна жана башка учурларга тиешелүү болгон.
- Өсүмдүктөрдү коргоо боюнча 260тан ашык айыппул салуу иши жүргүзүлүп, суммасы 6 миллиондон ашык сомду түзгөн, анын 90%ы өндүрүлгөн
- Жаныбарларды коргоо боюнча 1000ден ашык протокол түзүлгөн, суммасы дээрлик 12 млн сом, анын да 90%ы өндүрүлгөн.
"2025-жылы биз Соң-Көл, Ысык-Көл көлдөрү жана суу сактагычтардагы синтетикалык торлорду жок кылуу иштерин күчөткөнбүз. Айрым учурда дарыя сууларында да синтетикалык торлорду коюп жаткандар бар", — деди Азат Сагынов.
Ал кошумчалагандай, Министрлер кабинети 2024-жылдын 28-майында №270 токтомду кабыл алып, айрым өсүмдүктөрдү пайдаланууга убактылуу тыюу (мораторий) киргизген, ал 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.