Манас шаарында 1,5 млн салык өндүрүлдү
Манас шаарында бир жарандан салык карызы катары 1,5 миллион сомдон ашык сумма өндүрүлгөнүн Башкы прокуратурага караштуу Манас шаарынын сот аткаруучулар кызматы билдирди. Маселе У.Н.Т. аттуу карызкорго карата жүргүзүлгөн.
Маалыматка ылайык, Манас шаарынын сотунун 2025-жылдын 14-августундагы аткаруу жазуусуна ылайык, карызкордон Жалал-Абад (азыркы Манас) мамлекеттик салык кызматынын пайдасына 1 590 317 сом өндүрүлүшү керек болчу.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 2026-жылдын 2-февралында карыз толугу менен өндүрүлүп, акча Салык кызматка өткөрүлүп берилди.