Нарын облусунда 104 гектар жер мыйзамсыз ижарага берилген

Нарын облусунда 104 гектар жер мыйзамсыз ижарага берилген

Нарын облусунда 104 гектар токой жерин мыйзамсыз ижарага берүү фактысы аныкталганын Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу Жумгал районундагы токой чарбасынын ишин текшерүү учурунда аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук токой чарбасынын кызмат адамдары 2019–2024-жылдары жер тилкелерин ижарага берүү боюнча формалдуу түрдө конкурстарды өткөрүп, бирок иш жүзүндө жасалма протоколдорду түзүшкөнү белгилүү болгон.

Ушул документтердин негизинде 49 жаранга токой фондунун жерлери 49 жылга ижарага берилген. Жалпы ижарага берилген жердин аянты 104,19 гектарды түзгөн.

Прокуратуранын маалыматына караганда, жооптуу кызматкерлер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө же башка адамдарга пайда табуу максатында мыйзамсыз аракеттерди жасашкан.

Бул факт боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди