Тармактык комитет венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Тармактык комитет венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты стартаптарды, стартап-экосистеманы жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү үчүн венчурдук инвестицияларды тартууга жагымдуу укуктук шарттарды түзүү болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам долбоорунда бир катар негизги түшүнүктөрдү мыйзамдык деңгээлде бекитүү сунушталууда. Алардын катарына "венчурдук каржылоо (инвестициялар), венчурдук инвестор, венчурдук башкаруучу, венчурдук фонд, бизнес-ангел, стартап, опциондук келишим, конверттелүүчү кредиттик келишим" сыяктуу терминдер кирет.

Талкуу маалында депутат Медербек Алиев XXI кылымда мамлекеттер инвестицияларды тартуу үчүн бири-бири менен активдүү атаандашып жатканын белгилеп, инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган демилгелер көптөгөн өлкөлөрдө ишке ашырылып жатканын айтты. Ал мыйзам долбоорун колдоорун билдирди.

Ал эми депутат Гульнара Акимбаева коммандиттик шериктиктердин иштөө механизмдерине көңүл бурса, эл өкүлү Венера Салямова венчурдук каржылоонун артыкчылыктары жана бул каржылоо түрүнө байланышкан тобокелдиктер тууралуу маселелерди тактады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңге чейин кызматкер бар- Салык кызматы

Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңге чейин кызматкер бар- Салык кызматы

Кыргызстандын тигүү тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири көмүскө иш алып баруу, анын ичинде кызматкерлердин чыныгы санын жашыруу экенин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радионун эфиринде билдирди. "Россия да көзөмөлдү күчөттү жана негизинен, бардык салыктар мыйзамга ылайык төлөнүшү керек деген талап киргизди. Эми импортто кошумча нарк салыгын (КНС)

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Бүгүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан ОрунтаевБишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана конуштун тургундары катышты. Министр өз сөзүндө билим берүү инфраструктурасын

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

"Чакан ГЭС" ААКсы Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда болочок станциянын имаратына алып баруучу узундугу 9,2 км болгон убактылуу кирме жолдор курулуп, куруучулар үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат. Мындан тышкары, 110 кВ аба электр берүү линиясынын курулушу үчүн долбоор

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз сатылган жер тилкеси аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Аныкталгандай, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткен. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 9 млрд