Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

"Чакан ГЭС" ААКсы Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Учурда болочок станциянын имаратына алып баруучу узундугу 9,2 км болгон убактылуу кирме жолдор курулуп, куруучулар үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат.

Мындан тышкары, 110 кВ аба электр берүү линиясынын курулушу үчүн долбоор даярдоо жана жер тилкелерин бөлүп берүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле деривациялык тоннелди куруу үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү документтер, анын ичинде архитектуралык-шаар куруу корутундусу жана жардыруу иштерин жүргүзүүгө уруксат алуу боюнча документтер даярдалууда.

Андан сырткары, Жашыл энергетика фондунун сынагына катышуу үчүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин алдын ала баалоо (ОВОС) иштелип чыгып, анын жыйынтыгында ГЭСтин курулушу үчүн жер тилкесин ижарага алуу боюнча келишим түзүлдү.

Долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн генерациялык кубаттуулугун жогорулатууга жана түштүк аймактарындагы электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media