Лейлек районунда 3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат
Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жаңы суу менен камсыздоо системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Учурда курулуш иштери жыйынтыктоочу этапта, жакынкы аралыкта айылдын 3 миңден ашуун тургуну таза жана коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүккө ээ болот.
Бүгүнкү күндө таза суу сактоочу жаңы резервуарлар курулуп, заманбап хлоратордук курулмалар орнотулду, суу алуучу жайлар жаңыланып, жалпы узундугу 17 чакырымдан ашык болгон магистралдык жана бөлүштүрүүчү суу түтүктөрү тартылды.
Курулуш иштеринин аякташы Мурас айылынын 3408 тургунунун жашоо сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болот. Жаңыланган система санитардык талаптарга жооп берген ишенимдүү жана туруктуу суу менен камсыздоону камсыз кылып, суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана узак мөөнөттүү пайдаланууга шарт түзөт.
Объектти пайдаланууга берүү 537 кожолукту борборлоштурулган суу менен камсыздоо системасына туташтырууга мүмкүндүк берип, калктуу конуштун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.

Курулуш иштери Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө.