Касымалиев Boston Consulting Group менен кызматташууну кеңейтүүнү талкуулады
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Бостон Консалтинг Групп” (Boston Consulting Group) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда кызматташуунун келечектүү багыттары жана Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштер талкууланды.
Белгиленгендей, акыркы эки жылда тараптардын ортосунда ишенимдүү жана мазмундуу кызматташтык түзүлүп, компаниянын колдоосу менен өлкө үчүн маанилүү стратегиялык документтер иштелип чыккан.
Кыргыз тарап эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана ири инвесторлорду тартуу маанилүү экенин белгиледи.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга жана жооптуу инвесторлор менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Boston Consulting Group компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасы менен кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдиришти.


