Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Кыргызстанда эт өндүрүшүн көбөйтүү жана бааны турукташтыруу максатында эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдө азык-түлүк бааларын турукташтыруу, айрыкча эттин баасын жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, эт өндүрүшүн көбөйтүү жана рыноктук механизмдер аркылуу баага таасир этүү максатында Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ири мүйүздүү малды бордоп семиртүү багытында эт кластерин түзүү боюнча пилоттук долбоор башталат.

Долбоордун алкагында 2026-жылы кластердин катышуучуларына жеңилдетилген насыялар берилет. Фермерлер жана агроишкерлер “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” аркылуу төмөн үстөк пайыз менен каржыланат.

Ошондой эле азык-түлүк бааларынын өсүшүн басаңдатуу, калкты жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында өлкө боюнча дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери уюштурулуп жатат.

Бул чаралар ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылууга жана ата мекендик өндүрүштү колдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

Президенти тарабынан 2026-жылдын 3-июнундагы “Чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана алардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу чаралары жөнүндө” Жарлыкка кол коюлган. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Жарлыкта 2026-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө боло турган транспорт каражаттарын легалдаштыруунун кошумча тартиби каралган. Кыргызстандын аймагына 2024-

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ички иштер министрлигинин жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү. Министрликтен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө курулуш объектилеринде эмгектенип жаткан чет элдик жарандарды каттоо, алардын мыйзам талаптарын сактоосу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды. Тараптар чет

Пекинде кыргыз-кытай парламенттик кызматташтыгы талкууланды

Пекинде кыргыз-кытай парламенттик кызматташтыгы талкууланды

22-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Болотбек Борбиев, Исманали Жороев, Алтынбек Кылычбаев жана Жайлообай Нышанов Пекин шаарында өткөн семинарга катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара "Кытай – Борбор Азия рухун өнүктүрүүдөгү мыйзам чыгаруу бийлигинин ролу" деген темада уюштурулуп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери катышкан.

Такси айдоочулары лицензияны эми онлайн ала алышат

Такси айдоочулары лицензияны эми онлайн ала алышат

КРнын Ички иштер министрлиги жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча санариптик система ишке киргизилгендигин маалымдады. Билдирүүгө караганда, эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарды онлайн тапшыра алышат. Лицензия алуу үчүн - "МБанк", "Элдик" жана "Түндүк" мобилдик тиркемелеринен идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп, керектүү