КР БШК төрт жаңы депутатты Жогорку Кеңешке каттады
КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда Ормонов Улугбекти №10 шайлоо округу, Калбердиева Мавлюданы №11 шайлоо округу, Чойбеков Бактыбекти №17 шайлоо округу жана Мурзакимова Алтынкулдү №29 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары катары каттоого алды.
Боршайкомдун маалыматына ылайык, тийиштүү токтомдун негизинде аларга депутаттык мандаттар берилди, расмий ырастама жана төш белгилер тапшырылды.
Билдирүүгө караганда, №10 шайлоо округунан Курманкул Зулушевдин ордуна - Улукбек Ормонов; №11 шайлоо округу боюнча Шаирбек Ташиевдин ордуна - Мавлюда Калбердиева; №17 шайлоо округу боюнча Нурланбек Азыгалиевдин ордуна - Бактыбек Чойбеков жана №29 шайлоо округунан Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна - Алтынкүл Мурзакимова депутаттык мандат алышты.