Гектарынан 15 тонна спаржа өндүрүп, килограммын сыртка 7 доллардан экспорттогон Чубак Орозалиев

Гектарынан 15 тонна спаржа өндүрүп, килограммын сыртка 7 доллардан экспорттогон Чубак Орозалиев

Акыркы жылдарда мурда чет өлкөлөрдөн экспорттолуп, өлкө ичинде кымбат баада сатылып келген айыл чарба өсүмдүктөрүн заманбап агротехнологиялар менен өндүргөн фермер, дыйкандар көбөйө баштаганы кубандырат. Бул биринчиден, ички рыноктогу импортук товарларды азайтууга салым кошсо, экинчиден, фермер жакшы киреше табуу менен бирге кыргызстандыктардын тамак-аш рационун байытат. 

Бул сапар бизге Кыргызстанда жашыл спаржаны өндүрүү менен жакшы киреше таап жаткан “Агроиндустрия” компаниясынын негиздөөчүсү Чубак Орозалиев кызыктуу маек куруп берди. 

Фермердин айтымында, аталган компанияны түптөгөн төрт өнөктөш  жашыл спаржаны эң алгач 2014-жылы огородго эксперимент катары айдап көрүшкөн. Кийинки жылы аны көбөйтүп 2,5 гектар жерге отургузуп, 2023-жылы 18 гектарга жеткиришкен. 

“Быйыл Кудай буюрса, 20 гектар жерден түшүм алганы турабыз. Негизи спаржанын түшүмүн жыйноо боюнча дүйнөлүк салттуу ыкма бар. Ал ыкма менен март айынын ортосунан тарта бир жарым ай бою түшүм жыйналат. Андан кийин спаржаны келерки жылга чейин отоп, карап, багып гана туруш керек. Ушундай ыкма менен гектарынан 6-8 тонна алса болот.  
Мындан сырткары учурда заманбап агротехнология бар. Аны биз Япониядан окуп, үйрөнгөнбүз. Япония, Таиланд, Түштүк Корея мамлекеттеринде бул технологияны колдонуу менен жай мезгилинде 100 күнгө чейин түшүм алышат. Ушул тапта биз дагы ушул агротехнологияны колдоно баштадык. Эгер бул технологиянын эрежелерин так, туура сактаса гектарынан 20 тонна спаржа алууга болот. Азырынча биз гектарынан 12-15 тонна түшүм алып жатабыз. Бул технологиянын эреже, талаптарын жакшы өздөштүрүү менен келечекте 20 тоннага чейин түшүм алуу аракетин көрүп жатабыз”,- дейт фермер.  

Жашыл спаржа кирешелүү экенин түшүнгөн компания негиздөөчүлөрү быйыл дагы 41 гектар жерге эгип, спаржа аянтын жалпы 63,5 гектарга жеткирүүнү пландап жатышат. Түшүм жакшы болуш үчүн компания спаржанын уруктарын Америка компаниясынан атайын буйрутма берип алдыртышкан. Чубак Орозалиевдин билдиришинче, спаржага суроо-талап жакшы болгондуктан аны сатууда көп деле кыйынчылык болбойт.   

“Кыргызстанда биз өндүргөн спаржанын азыраагы эле калат. “Умай групп”, “Глобус”, СПАР дүкөндөрү менен иштешебиз. Базарларга да сатылат. Сыртка азырынча Казакстан менен Россияга экспорттолуп жатат. Ошону менен бирге эле көргөзмөлөргө чыкканда таанышып, келечекте кызматташалы деген кардарларыбыз да арбын. Алсак Гонконг, Макао, Сауд Арабиясы, Оман өлкөлөрүнөн, Дубайдан жумасына 2-3 тоннадан алабыз дегендер бар жана келечекте алар менен да иштешебиз.  
Спаржаны биз негизинен доллар менен эсептеп сатабыз. Жазгы сезон убагында бир аз арзаныраак болот, жайкы түшүм аз мезгилинде кымбат болот. Ошондо орто эсеп менен спаржанын килограммы азыр Кыргызстанда 6-7 доллардан сатылат”, - дейт Ч.Орозалиев.   

Маектешүүбүздө фермер спаржаны сактоо боюнча кызыктарды айтып берди. “Спаржаны буга чейин өтө ыкчам муздатуу (шоковое охлаждение) ыкмасы менен сактачубуз. Бул жылдан тарта суу менен муздатып (гидроохлаждение), +1, +2 градус температурадагы муздаткычта сактоого өтүп жатабыз. Мындай сактоо ыкмасы менен спаржа 18-25 күн бузулбай тура берет. Негизи бул өсүмдүккө суроо-талап жогору болгондуктан бир эки күндө эле сатылып кетет. Мисалы, азыр 20 гектардан чогултулган 2-3 күндүк түшүм 3 жүк ташуучу унаага батат. Аны муздаткычтарга сактап, таңгактап туруп кардарларга жөнөтөбүз. 

Негизи спаржаны кайра иштетүү да өтө пайдалуу. Азыр Кыргызстанга сырттан консервацияланган, тоңдурулган спаржалар импорттолуп келип жатат. Мындай жол менен спаржанын сакталуу мөөнөтүн 2 жылга чейин узартса болот. Келечекте муздаткычтарыбызды кеңейтип, спаржаны тоңдуруу, консервациялоо биздин дагы планыбызда бар”,-дейт жаш дыйкан. 

Дыйкандын билдиришинче, спаржа кирешелүү өсүмдүк эле эмес, адам баласына өтө пайдалуу азык.  

“Аны ресторандарда салатка, шорполорго кошуп, стейктерге гарнир катары беришет. Муну жаңы үзүлгөн кезинде чийки жесе дагы организм тазаланат. Жаратылышка чыкканда шашлык менен кошо отко кактап жесе да абдан даамдуу. Спаржаны фолий кислотасы жетишсиз кош бойлуу аялдар жесе да жакшы жардам берет”,- дейт ал.  

Фермер Ч.Орозалиевдин айтымында, жашыл спаржаны өстүрүп, жакшы киреше табам деген фермерлерде биринчиден, сабыр, экинчиден, жетиштүү финансы болушу керек. Анткени, спаржа көп жылдык өсүмдүк болгондуктан биринчи, экинчи жылы түшүм бербей, үчүнчү жылы гана бере баштайт. Бирок, үчүнчү жылдан тарта 15-10 жылга чейин түшүм бере берет. 

Сөз арасында фермер азырынча спаржага Кыргызстанда суроо талап аз болгону менен дүйнө жүзүндө аны пайдалуу азык катары колдонгон өлкөлөр көп экенине токтолду. 

“Дүйнө жүзү боюнча жылыга 20 млрд доллар көлөмүндө кулпунай сатылса, бир жылда 30-35 млрд долларлык спаржа соодаланат.  Бул тенденция жылдан жылга өсүп бара жатат. Кыргызстан ичинде да спаржага болгон муктаждык өсүп бара жатат. Мурда Бишкекте жумасына 5 килограммга чейин спаржа сатыла турган болсо, азыр жумасына 300 килограмм сатабыз. Ички рынокто азыр спаржа 10 доллардан сатылат”,-дейт маектешибиз. 

Каарманыбыздын айтымында, спаржанын кымбат сатыларын билгендер аны өндүрүүгө кызыгышат. Бирок, аны эгип, 3 жыл бою караш керектигин, ошол мезгилдеги сарпталуучу каражатты укканда аны эгүүдөн көбү кайра баш тартышат. 

“Спаржанын түшүмү жыйналган соң аны кийиинки түшүм алууга чейин сугарып, жер семирткич берип, ооруган, оорубаганын карап, отоп туруш керек. Кышка жакын сабагы түбүнөн кесилип, жерде тамырлары эле калат. Жаз менен тамырдан кайра жаңы сабактары өнүп чыгат”,-дейт маектешибиз.  

Сөз арасында Ч.Орозалиев негизи спаржа эле эмес эксклюзивдүү артишок өсүмдүгүн да өстүрө баштаганын билдирди.  

“Артишок дагы экинчи жылы түшүм берип баштайт. Былтыр 1 гектарга айдап бир аз түшүм алганбыз. Ал спаржадан да кымбатыраак сатылат. Быйыл буюрса, жакшы түшүм алабыз деп турабыз. Былтыркы жылдан тарта лук-шалот, пастернак өстүрө баштадык. Ошол эле түстүү капуста, брокколли, брюссель капустасы, селдерей тамыры, саптуу (черешковый) селдерей бизге бүт сырттан келет. Быйыл биз ошолорду 1, 2 гектардан кылып жалпы 20 гектар жерге эктик. Кийинки жылы булардын кайсынысына суроо-талап жакшы болсо, ошону көбөйтөбүз”, - дейт ал.  

Фермер айткандай, СССР маалында кыргызстандыктар салттуу айыл-чарба өсүмдүктөрүн гана өстүрүүгө адистешип калгандыктан өлкө климатында өсө турган, витаминдүү, кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүүдөн негедир кооптонушат. Ага карабай минтип кыргыз айыл чарбасына жаңылык киргизүү менен жакшы киреше таап жаткан “Агроиндустрия” компаниясынын дыйканчылыгы биздин окурмандарга жакшы өрнөк болот деген үмүттөбүз.

“Агроиндустрия” ЖЧКсы Экономика министрлигине караштуу “Кыргыз экспорт” борбору уюштурган “Кыргыз Республикасынын мыкты экспортточусу – 2025” конкурсунда “Жылдын ачылышы” номинациясына татыктуу болгон. 

Мындан тышкары окуңуз

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алай районундагы Сопу-Коргон айылында жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 37 миллион сомду түзөт. Жаңы спорт комплекси заманбап талаптарга жооп берип, анын ичинде волейбол жана баскетбол аянтчалары, машыгуу залы каралган. Ошондой эле

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

22-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Президенттик администрациядан билдиришкендей, жолугушууда тараптар саясий жана экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы күн тартибиндеги орчундуу багыттар боюнча кеңири пикир алышты. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөктөштүгү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, эртең

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

Президенти тарабынан 2026-жылдын 3-июнундагы “Чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана алардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу чаралары жөнүндө” Жарлыкка кол коюлган. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Жарлыкта 2026-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө боло турган транспорт каражаттарын легалдаштыруунун кошумча тартиби каралган. Кыргызстандын аймагына 2024-

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ички иштер министрлигинин жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү. Министрликтен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө курулуш объектилеринде эмгектенип жаткан чет элдик жарандарды каттоо, алардын мыйзам талаптарын сактоосу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды. Тараптар чет