Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды
Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалганын 18-мартта мамлекет башчынын администрациясы билдирди.
24-февралда Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан алынган болчу.
Мунун алдында Төрөбаевдин тууганы менен сүйлөшкөнү жазылган аудио тараган. Ал аудиодогу сүйлөшкөндөр өзү менен бир тууган агасы Жолдошалынын уулу Эркин экенин ырастаган. Ага УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылып, Манас шаарындагы “Барселона” академиясынын жанында инисинин жер тилкесин арзаныраак сатууга көндүрүп берүүсүн суранганын айткан.
Төрөбаев 2022-жылдын 30-мартынан бери Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген. Ал Жогорку Кеңештин 4,5,6 жана 7-чакырылышынын депутаты болгон. 2009-2010-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген.